Ноокатта каза болгон бейтаптын жаназасына туугандары катышкан жок

2919

Ноокатта коронавирусту жуктуруп каза болгон жарандын сөөгүн жерге берүүдө туугандары катышкан жок. Бул тууралуу Ош облусунун комендантты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, сөөктү жерге берүүдө медицина кызматкерлеринин өздөрүнүн эрежелери бар. «61 жаштагы жарандын сөөгүн көмүүгө 5-6 адам эле катышты. Жаназасы да ошол жерде окулду. Тууган-жакындары катышкан жок», — дейт ал.

Ал эми Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримовдун берген маалыматы боюнча, Ноокатта каза болгон адам кичи ажылыктан келген. 61 жаштагы бейтап 2-апрель күнү Ош облусунун Ноокат райондук аймактык ооруканасында көз жумган. Ал кант диабетинен да жабыркап келгени айтылды.

Кыргызстанда 130 адам коронавирус жуктурганы аныкталган. Анын ичинен бешөө айыгып чыккан. Каза болгон бейтаптан тышкары төрт адам оор абалда жатат, бирөө жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.