Бишкекте дүкөндү карактоого шектелип 3 улан менен 1 кыз кармалды

5992

Калаа милициясынын билдирүүсүнө караганда, кылмышка шектүүлөрдү кармоо учурунда алардын жанынан пневматикалык тапанча ок-дарылары менен табылган.

Маалыматка ылайык, 2-ноябрда шаар тургуну милицияга кайрылып, 5-кичи райондогу дүкөн каракталганын айткан. Анын ичинен төлөм терминалын талкалап 60 миң сом, ошондой эле 70 миң сомдук тамеки жана спирт ичимдиктери уурдалганын айткан.

Аталган факты боюнча «уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кармалгандар тергөө абагына киргизилди. Тартип сакчылары экрандагы адамдардан жабыркагандар болсо милицияга кабарлоо керектигин билдирди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.