Мыйзамсыз байыган деп шектелген жетекчи колго түштү (видео)

1276

4 миллион долларга бааланган мүлк жана катардагы мамлекеттик кызматкер. УКМК мыйзамсыз баюуга шектүү катары Финполициянын Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчысын кармады. Атайын кызматтын маалыматына караганда, ал акыркы 6 жылда эле Бишкек жана Ош шаарларында 15 кыймылсыз мүлк сатып алып, жакындарына каттаткан.

Мындан тышкары бир катар обьекттердин курулушуна ири суммада инвестиция салган. «Мыйзамсыз баюуга» шектелген аткаминер мурдагы президенттин тууганы деген да маалыматтар чыгууда.