Эт арзандап, башка азык-түлүктөргө болгон баа жогорулады (видео)

2084

Чет өлкөгө малдын ташылышына тыюу салынгандан тарта эт 20 сомго арзандады. Буга чейин базарда килограммы 450 сомго чыккан бул азык азыр бир аз төмөн баада сатылууда.

Бирок этти коңшу өлкөлөргө ташууга тыюу салынган эмес. Бул тууралуу айыл чарба министри Тилек Токтогазиев билдирди. Ал арада базардагы башка азык-түлүктүн наркы көтөрүлүүдө. Мисалы, өсүмдүк майы 200 сомго чейин чыккан.