Жакында жарык өчө баштайбы? (видео)

1436

Кыргызстанда акыркы бир суткада электр энергиясын колдонуу рекорддук ченге жетип, 3280 мегаваттан ашты. Бирок адистер бул кечээки авариялык өчүрүүлөргө менен байланышы жок деп ишендиришүүдө. Көйгөй Борбор Азиянын бирдиктүү энерготутумунда жаралып, анда Өзбекстан кубаттуулукту нормадан ашык керектеп жибергендиктен орток шакекчеде чыңалуу пайда болгон.

Буга чейин кошуна өлкөдө суу таңсыктыгы бар экени айтылган. Мындай маселе Кыргызстанда да курч турат. Электр энергиясы үнөмдүү пайдаланылбаса, жабдыктарды чыңалуудан сактап калуу үчүн авариялык өчүрүүлөр болушу ыктымал экен.