Бир тууган карындашын зордуктаган жаран 20 жылга камакка алынды

6693

Жалал-Абадда карындашын зордуктаган киши 20 жылга камалды. Бул тууралуу Азатыкка облустук соттун басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматта айтылгандай, быйыл 20-июлда Сузак районунда 15 жаштагы өспүрүм кыз облустук төрөт үйүндө төрөгөн. Ал бир тууган агасы былтыркы жылдын күзүндө мас абалда зордуктаганын, эртеси кечирим сураганын айткан.

Бул окуя боюнча кыздын 20 жаштагы бир тууганы кармалып, камакка алынган. 17-ноябрда Жалал-Абад облустук соту аны Жазык кодексинин «жашы жете электи зордуктоо» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыратты. Облустук соттун маалыматына караганда, өкүмгө карата апелляциялык даттануу түшкөн жок.