Дыйканбаев кайсы жетекчини коркутуп, акча талап кылган? (видео)

3665

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев кайсы жетекчини коркутуп, 7 миллион сом талап кылган? УКМК кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп камалган Дыйканбаевдин иши боюнча кеңири маалымат бере элек.

Экс-депутат октябрда өткөн шайлоо учурунда кайсы бир саясий партиянын кызыкчылыгын көздөп, стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисин кызматтан кетирем деп коркутуп, бюджеттик акчага ээлик кылып, аны өнөктүккө жумшаган, деп шектелүүдө. Өздүк булактардын маалыматына караганда, коркутууга кабылган адам социалдык фонддун төрагасы болушу мүмкүн.