Кыргызстанда көмүрдүн баасы көтөрүлөбү? (видео)

5175

Кара-Кечеде көчкү басып калган жолду тазалоого мүмкүн эмес. Андыктан тиешелүү комиссия айланып өтүүчү жаңы автожол куруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, жол салуу иштери башталды. Жолдун бир тилкесин курууга 2 аптадай убакыт кетет экен.

Ал арада коомчулукту «көмүр ташылбай, бул кара алтындын наркына таасирин тийгизбейби» деген суроо кызыктыра баштады. Тиешелүү мамлекеттик мекемелер көмүр кымбаттабайт деп сооротушууда. Бирок отун саткандар жаратылыш кырсыгы баага аз да болсо таасир берет деп билдиришүүдө.