Ичкилик ичип унаа айдагандарга айыпты 10 эсеге көбөйтүү сунушталды

2510

Ичкилик ичип унаа айдагандардын айып пулун 10 эсеге көбөйтүү сунушу парламентте көтөрүлдү. Жогорку Кеңеште жол эрежесин бузгандарга айыптын айрым түрлөрүн төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору талкууланды.

Депутаттардын айтымында, базар экономикасынын шартында айрымдарга мас абалында унаа айдагандар үчүн салынган 17,5 миң сомдук айып пул аз болуп сезилет. Ошондуктан өзүнүн жана башкалардын өмүрүн коркунучка кептеген айдоочулар үчүн айып пулду 10 эсе көтөрүү туура дешет эл өкүлдөрү. Тиешелүү мекеме да бул жаатта аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.

Ошондой эле, талкуунун жүрүшүндө «Коопсуз шаар»долбоору ишке кирген март айынын тартып жол эрежесин бузуу боюнча 900 миңге жакын токтом чыгарылганы белгилүү болду. Анын теңинен көбү айыптарын төлөшүп, анын суммасы 500 миңден ашкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.