277

Бүгүн Алмазбек Атамбаевдин Россияга мамлекеттик сапары башталат

Кремль
Ал 24-июнга чейин уланып, эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамиленин орногонунун 25 жылдыгына арналмакчы. Бул визит Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен болуп, Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти, өкмөтүнүн төрагасы жана илимий коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушмакчы. Эртең болсо, Россияда Кыргызстандын маданият күндөрү башталып, анын ачылышы Кремлдин чоң залында болот. Ага Алмазбек Атамбаев дагы катышат. Ошондой эле, бул сапардын алкагында миграция, саламаттыкты сактоо, каржы жана статистика тармактары боюнча эки тараптуу документтерге кол коюлушу күтүлүүдө. Мындан тышкары, “стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө” боюнча декларация дагы кабыл алынмакчы.