94

Бүгүн президенттикке талапкерлерди каттоонун мөөнөтү аяктайт

ЦИК адреска
Бүгүн түнкү саат 12де президенттикке талапкерлиги сунушталган же өзүн-өзү көрсөткөн кандидаттарды каттоонун мөөнөтү аяктайт. Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, учурда мамлекет башчылыгына ат салышууга белсенген жарандардын саны 52 жетти. Алардын 41и өзүн-өзү көрсөтсө, 11 талапкерди ар кандай саясий партиялар жылдырган. Эми талапкерлер августтун 15ине чейин аларды колдогон 30 миң жарандын колун жана 1 миллион сом күрөөнү Боршайкомго өткөрүшү зарыл.