53

Бүтүрүү кечелерине уруксат бериш керек


Бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө расмий уруксат берүү керек. Мындай демилгени айрым депутаттар көтөрүшүүдө. Алардын айтымында, бүтүрүү кечелерине канчалык тыюу салынбасын, баары бир аткарылбайт. Тескерисинче, мындай кечелер жылдан-жылга өзгөчө шаан шөкөт менен өткөрүлүп жатат. Бирок Билим берүү министрлиги бүтүрүү кечелерине уруксат берүүгө каршы. Алардын айтымында, бул каражаты чектелүү үй-бүлөлөр үчүн кыйынчылыктарды жаратат. Адистер болсо, тыюу салуудан маселе чечилбейт дешет. Бул адатты жоюу үчүн мамлекет альтернативдүү иш чараларды сунушташы керек.