НТС

Багдадда сот төрт тажик аялды өмүр бою эркинен ажыратты

Two Russian nationals attend her trial at the Central penal Court in Baghdad, on April 17, 2018. Two Russian women were sentenced to life in prison for belonging to the Islamic State group on April 17, the latest in a series of court judgments against jihadists. / AFP PHOTO / Ammar Karim

Чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын билдиришинче, Багдадда төрт тажик аял ИМ террордук тобуна кошулуп кеткени үчүн өмүр бою эркинен ажыратылды.

Аялдардын аты-жөнү, Тажикстандын кайсы аймактарынан экени жана Иракка качан барышканы белгисиз.

Франс-пресс маалымат агенттиги 29-апрелде Багдадда ИМ терррордук тобуна кошулуп кеткени үчүн орусиялык 19 жана азербайжандык 6 аял өмүр бою соттолгонун билдирди. Маалыматтарга караганда, алардын көбүнүн колунда жаш балдары болгон.

Апрелдин башында Орусия ИИМи Ирак түрмөлөрүндө орусиялык 50дөн 70ке чейинки аял болушу мүмкүн экенин, алар менен кошо 100дөй жаш бала темир тор артында отурганын маалымдаган. 26-апрелде Багдад соту чет өлкөлүк он аялды өлүм жазасына тартуу боюнча өкүм чыгарган.

“Ислам мамлекети” террордук тобу 2014-жылы Ирактын чоң бөлүгүн, анын ичинде эң ири шаарларынын бири болгон Мосулду басып алган. 2017-жылы декабрда ирак бийлиги ИМ тобун жеңип, Мосулду террорчулардан бошотконун жарыялаган.

Тажикстан Ички иштер министрлиги 2015-жылы 154 тажик үй-бүлө Сирия жана Иракка кеткенин билдирген.