Июнь коогасында жоголгон ок атуучу курал жана ок дарылар кайтарылды

7370

Куралдар жана ок-дары 20-июнь күнү кайтарылып алынган. Бул Ош облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) криминалдык кызматы жүргүзгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында ишке ашты. Облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлагандай, курал-жарак Кара-Суу районунун Фуркат айылынын тургунуна таандык мал сарайдан алынган. Анын ичинде АКС-74, АКС-74У жана АК-74 үлгүсүндөгү автоматка керектелүүчү октор салынган эки кутуча (магазин) жана 5.45 мм калибрдеги 51 даана ок табылып, мыйзамсыз сактап жүргөн жеринен алынган. Маалыматта айтылгандай, бул курал-жарактарды июнь окуяларынын убагында белгисиз бирөөлөр аскер кызматкерлеринен тартып алышкан.

Жоголуп, табылган курал-жарактар боюнча факт Жазык кодексинин 253-беренеси («Курал-жарактарды мыйзамсыз сактоо, сатуу») боюнча бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки териштирүү башталды. Учурда тийиштүү экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары алынган курал-жарактар кайсы аскердик бөлүккө таандык экендиги такталууда.

2010-жылкы июнь коогасында жалпы Ош облусунда 115 ок атуучу курал жоголгон, бүгүнкү күнү 34 ок атуучу курал табыла элек. Басымдуу бөлүгү окуя тынчыгандан кийин жергиликтүү тургундардан алынган. Өз ыктыяры менен курал тапшыргандар да болгон. Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги жарандарды таап алган жана мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал-жарактарды жана жардыруучу заттарды тапшырууга чакырып, өз ыктыяры менен тапшырган жарандарга сый акы төлөнө тургандыгын билдирүүдө.

Ага ылайык, автоматтык гранатомёттор үчүн 16 миң, автомат жана көзгө атар мергенчилик куралдар үчүн 9600 сом, согуштук жана сайлуу аӊчылык куралдар, келте мылтыктар үчүн 6400 сом, сайсыз мылтыктар 3200 сом сый акы төлөнүп берилет. Ал эми жардыруучу заттардын түрүнө карап 100 граммына 100 сомдон 1600 сомго чейин төлөнөт. Мындан тышкары граната, тапанча, револьвер жана башка курал-жарактар үчүн да сый акы төлөнөт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.