Шайлоо күнү свет өчсө эмне болот? (видео)

1926

Добуш берүү күнү ар бир шайлоо тилкесине бирден электрик бекитилет. Алар участкаларды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн иш алып барышат. Мындан тышкары, добуш берүү жайларына генераторлорду алып берүү айыл өкмөт башчылары менен мэрлерге жүктөлдү.
Ошондой эле, өлкө боюнча 330 ыкчам топ иштеп, алар авариялык өчүрүүлөрдү алдын алат. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кокусунан жарык өчүп кала турган болсо добуш берүү үзгүлтүккө учурабастыгын айтууда. Себеби урналар менен аппараттар кошумча орнотулган аккумулятордун жардамы менен 15 мүнөткө чейин иштегенге мүмкүнчүлүгү бар.