Жумалык ( 02.12.19 –08.12.19 ) (видео)

1209

Контрабандачы менен коррупционерлерди камчы гана токтотобу? Айла кеткендеги айтылган сунуш. Парламент өкмөт жемкорлук менен аткезчиликке каршы жакшы күрөшүп жатат деген тыянак чыгарды.

Тагдырлаштардын башын бириктирген жай. Коомдо өзүн өгөй сезгендер. Ден- соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын коомго аралаша албай жатканынын себеби эмнеде? Кыргызстан Бириккен улуттар уюмунун конвенциясын кабыл алды. Эми аны аткарууга ал жетеби?

Кумтөрдө иштеген эки жумушчу дайынсыз жоголду. Алтын кендеги жер көчкүнү алдын алууга болот беле? Бул окуя үчүн эми ким жооптуу?

Аялдардын жылаңач денеси илгертен бери эле искусство беле? Музейдеги уят көргөзмө төө чечмей оюну менен салыштырылды. Буга этнографтын жообу.