Депутаттардын кол тийбестик укугу мындан да күчөтүлөбү? (видео)

1596

Баш мыйзамдын жаңы редакциясынын долбоору бир айда даяр болушу мүмкүн. Мындай божомолдору менен Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү бөлүшүүдө. Учурда документтин үстүнөн юристтерден жана тилчилерден түзүлгөн топ иштеп жатыптыр.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары документ кийинки жумада талкууга чыгарылып калышы мүмкүн деп күтүп жатышат. Жаңы конституциянын долбоору эл өкүлдөрү тарабынан кабыл алынса, референдумдун датасы аныкталат. Кыргызстандыктар 12-апрелде эки шайлоого барышы ыктымал.