Жаңы өкмөт башчы качан шайланат же Артем Новиков калабы? (видео)

1594

Садыр Жапаровдун президенттик кызматка расмий киришүү аземи кийинки жумада өтөт, ага карата даярдыктар башталды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирүү таратты. Анда инаугурациянын датасы борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн расмий жыйынтыгын жарыялаган соң гана белгиленери айтылат.

Ал эми БШКдан кабарлашкандай, жаңы шайланган президенттин ант берүү аземи  акыркы жыйынтык чыккандан кийин, бир ай ичинде өтөт. Ал арада учурда кийинки өкмөт башчы ким болот деген суроо кызуу талкууланууда. Айрымдар талапкерлердин аттарынан бери атай башташты. Өкмөттүн азыркы курамы сакталып калабы же толугу менен алмашабы? Жаңы премьер-министр канча убакытка дайындалат?