Жер тилкелерин мыйзамдаштырып берүүнү талап кылгандар (видео)

2623

Бишкекте кайрадан митинг. Ак-Ордо-ТЭЦ 2 жаңы конушунун 50дөн ашык тургуну өкмөт үйүнүн алдына чогулуп, кийинчерээк нааразычылык акциясы Жогорку Кеңештин имаратынын алдында уланды.

Чогулгандар 15 жылдан бери трансформациялоо маселеси чечилбей келгендигин айтып, жер тилкелерин мыйзамдаштырып берүүнү талап кылышты.

Ошондой эле документтеринин жоктугунан балдарын мектепке киргизе албай, ооруканага кайрылганда кыйынчылыкка кабылып жатышканын айтышты.