Башкы прокурор тергөөчүлөргө жана прокурорлорго нааразы (видео)

6630

Кыргызстанда 5 кодекстин төртөөнү өзгөртүү боюнча жумушчу топ иштеп жатат. Бул тууралуу парламенттин жалпы жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди. Өзгөртүүлөрдүн басымдуу бөлүгү — адам укуктарына байланыштуу болушу мүмкүн.

Жумушчу топтун жетекчиси Курманкул Зулушев берген маалымат боюнча, кылмыш ишин козгоо түшүнүгү кайра киргизилет. Тергөө менен кызматташуу механизми жоюлат жана ишти тергөөнүн мөөнөтү так көрсөтүлөт.