Машина уурдагандар көбөйдү. Уурдалган унаанын бири табылды (видео)

6342

Жыл башынан бери 3 айдын ичинде унаа уурдоо боюнча 211 факты катталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Канча кылмыштын бети ачылганы белгисиз. Бул боюнча милиция маалымат берүүдөн баш тартты.

Бирок акыркы убакта токтоп турган машинаны айдай качкан учурлар көп катталууда. Айрым айдоочулар тартип сакчылардын ыкчам таап берерине ишенбей, унааларын өз алдынча издеп жатканын айтышууда.