Тергөө менен кызматташууга тыюу салынабы? (видео)

5523

«Тергөө менен кызматташуу» түшүнүгүн жоюу зарыл. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде өткөн жылдагы мыйзамдуулуктун абалы боюнча отчет берип жатып билдирди. Айтымында, негизги шектүү өзү жазадан кутулуу үчүн, ал кылмышты жасабаган күнөөсүз тарапка каршы көрсөтмө берип коюу ыктымалдыгы чоң.

Анан да мыйзамдагы бул мүчүлүштүктүн айынан тергөөчүлөр изденбей, иштөө сапаты төмөндөөдө, — дейт башкы прокурор. Ошондой эле айрым эл өкүлдөрү буга чейин саясий буйрутма аткарган тергөөчү, прокурор жана соттордун аты-жөнүн ачыктоо талабын коюшту.