Чек арадагы окуяда башынан оор күндөрдү өткөргөн балдар жана мугалимдер Ысык-Көлдө 10 күн эс алып келишти. Жалпысынан 70 бала жана 20 мугалим психологиялык жардам алышты.
Алар үчүн улуттук оюндар уюштурулуп, кулинардык мастер-класстар көрсөтүлдү. Баткен областынан келген балдар-кыздар кыска мөөнөттө компьютердик программалоону да өздөштүрүштү.