630

Баткен областында жети окуучу кыз ууланып, ооруканага жаткырылды

4
Бужум айылындагы мектепте балдар химиялык затка ууланышкан. Маалыматтага караганда, окуучулардын бири көчөдөн белгисиз зат таап алып, класс ичинде аны күйгүзүп көрөт. Чыккан жагымсыз жыттан улам сыртка качып кеткен. Тыныгуудан кийин 21 окуучу класска кайтып келген. Кечке жуук алардын айрымдарынын жүрөгү айланып, мууна башташкан. Учурда ууланган жети кыз областтык ооруканада. Алгач алардын үчөө реанимацияга жаткырылып, ден-соолугу турукташкан сон кайра балдар болумуно которулган. Бир ай мурда ушундай эле, окуя Ысык-Көл областынын Балыкчы шаарындагы мектепте катталган. Анда балдар балондон чачыратылган газга ууланганы кабарланган. Ал эми 12-май күнү Ноокенде 31 бала өздөрүн жаман сезип ооруканага жаткырылган. Алгач алар кир сууга ууланган деп болжолдонгон. Бирок изилдөөдө тастыкталган жок. Ошондой эле, алар жеген тамак-аштан дагы зыяндуу зат чыккан эмес.