НТС

Баткен областынын Тажикстан менен чектешкен аймактагы абал (видео)

Чек арадагы куралдуу кагылышуудан каза тапкандардын саны 35 адамга жетти. Саламаттыкты сактоо министрлигинин айтымында, каза болгон бейтап 54 жаштагы Максат айылынын тургуну. Анын сөөгү өрттөнүп кеткен үйүнүн ичинен табылган. Ошондой эле, түштө берилген маалыматка караганда, жалпы жабырлануучулардын саны 183 адамга жетип, анын жүзгө чукулу ооруканаларда жатат.

Кооптуу аймактардан эвакуациялангандардын саны да такталып, алар 44 миңден ашканы белгилүү болду. Чек ара кызматы куралдуу кагылыш болгон Баткен областынын Тажикстан менен чектешкен аймактарында абал туруктуу экенин билдирди. Жеринде комиссия иштеп, өкмөт келтирилген чыгымдарды саноого киришти.