Дарыгерлер бири-бири менен мушташа баштадыбы? (видео)

907

Чүй областында эркек дарыгер аял кесиптешине кол салганы айтылууда. Окуя 25-январда Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы аймактык ооруканасында катталган. Ак халатчандар кадимки эле кабинетте отургуч талашып жаңжалдашкан. Аталган мекеме буга чейин эле чуулгандуу окуя менен белгилүү болгон.

Өткөн жылы дал ушул ооруканада иштеген дарыгер атасынан боюна бүтүп калган өспүрүм кыздын төрөтүн кабыл алган соң, наристени туугандарына берип салганы айтылган. Бирок гинеколог эч кандай жоопкерчиликке тартылбай, дагы деле иштеп жүрөт.