10-кабаттан кулап кеткен кыздын өлүмүнө ким күнөөлүү? (видео)

4103

14 жашар кызынан айрылган эне президентке, өкмөт башчыга, Жогорку Кеңештин төрагасына жардам сурап кайрылды. Ал кызынын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну талап кылып жатат.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын Көк-Жар кичи районунда сүрөткө түшөм деп көп кабаттуу турак-жайдын чатырына көтөрүлгөн 14 жашар кыз, пенопласт менен тосулган жерди басып алып, 10-кабаттан кулап түшкөн. Үй техникалык коопсуздук эреже сакталып салынганда, кызым тирүү калмак деген эне акыйкаттык издөөдө.