Адам өмүрүн алган жол кырсыктары көбөйүүдө (видео)

5995

Бишкек шаарында маршруттук такси менен жеңил унаа кагылышып, коомдук унаа аласалып кетти. Анын кесепетинен 6 адам жабыркады. Төртөөнүн абалы канааттандыраарлык болгондуктан, аларга амбулатордук жардам көрсөтүлсө, эки жүргүнчү ачык жаракаттар менен бейтапканага жаткырылды.

Чүй областынын Ысык-Ата районунда эки жеңил унаа сүзүшүп, бир жашар бала каза болуп, төрт киши жаракат алган. Ал арада адистер адам өмүрүн алган жол кырсыктары көбөйүп баратканын айтышууда.