Россияда кыргызстандыктар жабыркаган кырсык боюнча кылмыш иши козголду

3080

Россияда 8 кыргызстандык жабыркаган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Жол кырсыгы 14-январда Оренбург-Самара трассасынын 181-чакырымында катталып, анда 3 унаа эки «Мерседес-Бенц-Спринтер» менен «Хонда Степвагон» кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен дал ушул «Хонда Степвагонду» башкарып бара жаткан айдоочу менен 7 жүргүнчү жабыркаган. Алардын үчөө Бузулук районундагы оорукананын жандандыруу бөлүмүнө, бешөө хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги бул окуяны көзөмөлгө алганын кабарлады.

Маалыматка караганда, «Мерседес-Бенц-Спринтер» үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыга калып, «Хонда Степвагонду» сүзгөн. Жол кырсыгынын келип чыгышына күнөөлүү делген бул унааны Өзбекстандык айдоочу башкарып бара жатканы айтылууда. Ал «жол эрежесин жана транспорт каражатын эксплуатациялоону бузуу» беренеси боюнча айыпталып, камакка алынды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.