НТС

Баткенде жабыркаган 3 кишинин абалы оор бойдон калууда (видео)

Баткенде тажик тараптын кол салуусунан жабыркаган үч кишинин абалы оор бойдон калууда. Учурда алар жандандыруу бөлүмүндө. Бишкек шаардык травматология жана ортопедия борборунда 36 адам дарыланып жаткан.

Алардын тогузу аскердик госпиталга которулду, экөө үйүнө чыкты. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган 57 бейтап Баткенден Бишкекке жеткирилип, 3 ооруканага жаткырылган.