Кыргызстанга акы төлөнүүчү жолдор керекпи? (видео)

1520

Жакынкы жылдары өлкөдө акы төлөнүүчү унаа жолдору пайда болушу мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоорун Транспорт жана коммуникация министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Эгерде ал колдоо тапса, областтар аралык акы төлөнүүчү жолдор салына баштайт.

Айрым эксперттер бул долбоор чийки даярдалып калганын билдирип, анын үстүнөн дагы иштеп чыгуу керектигин айтышууда. Анткени акы алынуучу жолдордон түшкөн каражат бардык унаа жүрүүчү жолдорду оңдоп түзөөгө жетиши керек. Орто эсеп менен жыл сайын оңдоп-түзөө иштерине 2 миллиард сомдой бөлүнүп келген.