НТС

Белгисиз адамдар Клинтондун үйү менен Обаманын кеңсесине бомба жөнөтүштү

Белгисиз адамдар Хиллари жана Билл Клинтондордун Нью-Йорктогу үйүнө эки жардыруучу түзмөк жөнөтүшкөн. Аларды почтага келген каттарды иреттөө менен алектенген жумушчу таап алганын The New York Times басылмасы жазды.

Associated Press агенттигинин Нью-Йорк полициясына шилтеме кылып билдиргенине караганда, Хиллари жана Билл Клинтондорго чейин ушундай эле жардыруучу түзмөктөр АКШнын мурдагы президенти Барак Обамага, CNN телеканалына жана миллиардер Жорж Сороско дагы жөнөтүлгөн. Алардын баарын бир эле киши жиберген деп болжолдонууда. Мындан тышкары ушундай эле бомбалар мурдагы башкы прокурор Эрик Холдерге жана конгрессмен Дэбби Вассерман Шульцтун Флоридадагы кеңсесине да жөнөтүлгөн. Бийликтин маалыматына караганда, алар колго жасалган жөнөкөй жардыруучу түзмөктөр.

АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттарда саясий зомбулукка орун жок экенин белгилеп, бул окуялар боюнча ири федералдык иликтөө башталганын билдирди.

Нью-Йорктун мэри Билл де Блазио бул көрүнүштү терроризм актысы деп атады.