Кийинки жылкы бюджетте социалдык секторго 90 миллиард сом каралууда. Анын бир бөлүгү билим берүү тармагына кетет. Быйыл бул чөйрөгө 27 миллиард сом бөлүнгөн. Казынадан чыккан каражаттын басымдуусу мугалимдердин маянасына сарпталат. Ал эми окуу жайлардын абалын жакшыртуу, техникалык базаны чыңдоого, имараттарды салууга акча өп-чап эле каралууда.
Бул жолу эки университеттин мисалында тармактагы көйгөйлөр айтылат. Учурунда өлкөдөгү көзгө басар университет болгон жогорку окуу жайдын абалы азыр жанды кейитет. Сын айтса эле жетекчилиги каражат тартыш деп ийин куушурат. Бирок эсептеп көрсөк бул окуу жайда миллиондогон каражаттар айланат экен. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн акчаны кошпогондо эле, жарым миллиарддан ашат. 18 миң студенттин 1200ү гана бекер окуйт. Калганы 30 миң сомдон өйдө контракт төлөйт.
Бирок Улуттук университетибиз барган сайын соолуп бараткандай. Башка көйгөйдү кой, жылуулук системасы да жарытаарлык иштебейт. Анын кесепетинен студенттерге азыр мектептегидей 45 мүнөттүк сабак өтүлүп жатыптыр. Муну көргөндөн кийин билим берүүнүн сапаты тууралуу сөз козгоо ашыкча болуп калчудай. Студенттер жашаган жатаканага барсаң, имараты кулап кетүү коркунучунда турат. Бул жерде кеп акчанын тартыштыгында деле болбосо керек, иштин көзүн билбегендикпи деген суроо жаралат экен. Алалы, чет өлкөдөн каржыланып, студенттер бир тыйын төлөбөй, бекер билим алган окуу жайга баш баксан көзүң ачылат. Шарттары ушунчалык жакшы түзүлгөн, балдар китептен башын албай, билимге үзгүлтүксүз сугарылса болот.