Айрым партиялардын үгүтчүлөрү добуш сатып алууга шектелүүдө (видео)

11133

Кайрадан шайлоо — кайрадан мыйзам бузуулар. Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин шайлоосуна үгүт кампаниясынын башталганына 3 эле күн болгонуна карабастан, айрым партиялардын үгүтчүлөрү добуш сатып алууга шектеле баштады. Социалдык тармактарда Токмок шаарында саясий уюмдардын бири үчүн добуш берүүгө үндөп жүргөн аялдын видеосу тарады.

Алар жергиликтүү тургундарга 1000 сомдон сунуштап жатканын көрүүгө болот. Бишкекте башка бир партиянын үгүтчүлөрү 2500 сом берүүнү убадалаган. Азыркы тапта 3 шаардык кеңешке шайлоо кийинки айга жылдырабы же жокпу деген суроо жаралууда. Бирок бул үгүт иштеринин мыйзам бузуулар менен коштолуп жатканы менен байланыштуу эмес.