Ковид-19: илдеттин белгилери менен кесепеттери өзгөрүүдө (видео)

7810

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Акыркы бир суткада Кыргызстан боюнча 585 адамдан коронавирус табылды. Анын ичинде 353 жаңы учур Бишкек шаарында катталды.

Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Аалиев коронавирус акыркы убактарда жаштарда көп катталып жатканын, буга кошумча илдеттин белгилери менен кесепеттери өзгөрүп жатканын айтууда. Учурда кырдаал начар болуп жатканына байланыштуу ордо калаада күндүз иштей турган стационарлар даярдалды.