Өнөкөт оорулары барлар эмдөөдөн өтөбү? (видео)

1664

Март айынын ортосунан тарта өлкөдө 18 жаштан 65 жашка чейинкилерди коронавируска каршы эмдөө иш-аракеттери башталат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү мекемесинен кабарлашты. Ал үчүн өлкө Россиянын «Спутник Ви» вакцинасын Ковид-19га каршы эмдөө каражаты катары каттаганы белгилүү болду.

Ошол эле учурда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун КОВАКС альянсы да Кыргызстанга 1 миллион 200 миң доза вакцина бергени жатыптыр. Ал арада калкты массалык эмдөөдө биринчи кимдер ала алат, ал өнөкөт оорулары барларга болобу деген суроолор курч турууда.