НТС

Бишкек ЖЭБиндеги авария: депутаттык комиссиянын жыйыны жабык өттү

Бишкек ЖЭБиндеги аварияны иликтеген депутаттык комиссиянын бүгүнкү жыйыны жабык өттү. Отурум комиссиянын төрагасы Улан Примовдун иш бөлмөсүндө болгон. Азырынча парламентарийлер кайсы маселени талкуулаганы белгисиз.

Акыркы жолу комиссиянын айрым мүчөлөрү корутундуга кол коюудан баш тартышкан. Алар айрым аткаминерлерге өтө жумшак чара көрүү сунушу жазылган тыянак менен макул болушкан эмес.

Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоого кеткен насыянын пайдаланылышы жана авариянын келип чыгышы боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу апрель айында эле чыгышы керек болчу. Бирок иликтөө дагы 1 айга созулуп кетти.