COVID-19: 90 кишинин абалы оор, 14 адам жандандыруу бөлүмүндө

11003

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 90 кишинин абалы оор, анын ичинде 14 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, учурда 374 бейтаптын абалы орточо оор жана 146 бейтаптын абалы канааттандыралык. Ошондой эле оорунун байкалбаган 5 миң 68 бейтап үй көзөмөлүндө болууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 9-июлга карата коронавирус жуктурган 361 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 8847ни түзөт. Алардын ичинен 3053 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 116 адам каза болду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.