110

Бишкек – Кара-Жыгач жолундагы кырсыкта 1 адам каза болду

авари2
Бишкек менен Кара-Жыгач жолунда авария катталып, 1 адам каза таап, 12 киши жабыркады. Кырсык кечээ кечке маал болгон. Катуу ылдамдыкта бара жаткан БМВ үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, каршы тилкеге чыгып жүргүнчүлөрдү ташып бараткан №378 каттамдагы кичи автобусту сүзгөн. Жеңил унаанын айдоочусу ошол жерде жан берген. Ал эми маршруттук таксидеги 12 жүргүнчү ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Арасында балдар дагы бар.