Оштогу жол кырсыгы: 3 адам оор абалда ооруканага жеткирилди

5314

Ош областынын Кара-Суу районунда жол кырсыгы катталып, 3 адам оор абалда ооруканага жеткирилди. Маалыматты аймактык милициядан тастыкташты. Ага ылайык, окуя Нариман айыл өкмөтүнүн Сулайманов көчөсүндө болгон. Анда аэропорт тараптан келе жаткан «Мерседес-Бенц» унаасы «Хонда Джаз» унаасы менен кагылышкан.

Анын кесепетинен «Хонда» унаасы толугу менен күйүп кетип, айдоочусу менен эки жүргүнчү өтө оор абалда Ош областтар аралык ооруканасына жеткирилген. Учурда алар кайра жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Ал эми «Мерседестин» айдоочусу кырсык катталган жерден из жашырып, качып кеткен. Учурда шектүүнү издөө иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.