Шахтадагы кырсык 4 адамдын өмүрүн алды (видео)

2615

Баткендин Сүлүктү шаарындагы шахтада иске ууланып, каза болгондордун сөөгү жерге берилди. Баары тең Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн Айбике айылынын тургундары болгон. Алар бир нече жылдан бери ошол шахтада көмүр казып тиричилик кылышчу.

Экотехинспекциясы тарабынан бул окуяга байланыштуу комиссия түзүлдү. Анын жыйынтыгы менен кырсыкка күнөөлүү тараптар аныкталат. 4 адамдын өмүрү кыйылган көмүр казуучу Ормон ишканасы ушул жылдын апрель айында эле коопсуздук эрежелерин сактабаганы үчүн 3000 сомго айыпка жыгылган.