Жаңы жыл алдындагы жамааттык кечелерди өткөрүүгө тыюу салынышы мүмкүн

6226

Жаңы жылды майрамдоого чектөө киргизүү сунушталды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиеванын катышуусу менен Республикалык штабдын отурумунда айтылды. Кеп корпоративдик иш-чараларын белгилөөдөн баш тартуу тууралуу болуп жатат.

Мындай демилге коронавирус пандемиясынын кулачын кенең жайып жатканына байланыштуу. Учурда бул маселе өкмөт тарабынан толугу менен чечиле элек.