Өлкөдөгү 30 миңге чукул мед.айымдын айлыгы качан көтөрүлөт? (видео)

6290

Бүгүн мээрман айымдардын эл аралык күнү. Кыргызстанда бул майрам 1993-жылдан бери белгиленип келет. Өлкө боюнча 30 миңге жакын медайым бар. Кесиптик майрам күнү алардын баары иш үстүндө.

Бири кезекте турган бейтаптарды кабыл алып жатса, башкасы конуштарды аралап өзүнө бөлүнгөн аймагын текшерип жүрөт. Иш түйшүктүү болгонуна карабай, мээрман айымдардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Аз айлыкка иштеген медайымдар маяналары аскер адамдарыныкы менен тең болушу керек деп эсептешет.