Суу каптаган Ак-Өргө жана Арча-Бешик конуштары (видео)

4372

Бишкекте эки конуштун үйлөрүн суу каптады. Алар Ак-Өргө жана Арча-Бешик. Ленин райондук администрациясынан билдиришкендей, кечээ нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Арча-Бешик конушунун Жайыл Баатыр көчөсүндөгү 25 үй жабыркаган.

Ал эми Ак-Өргөдө 3 турак-үйдүн короосун суу каптаган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, тиешелүү мекемелер тарабынан өз убагында жардам көргөзбөгөндүктөн, алар жеке компанияларды чакырып сууну сордуртууга аргасыз болушуптур. Кырсыктын алдын-алуу үчүн кандай иштер жасалышы керек эле?