Экзотикалык жандыктар ачка калып, үшүй башташты (видео)

4298

Коронавирус пандемиясы бир гана адамдардын жашоосун оорлоштурбастан, жаныбарларга дагы таасирин тийгизүүдө. Бишкек шаарындагы айбанаттардын реабилитациялык борбору жардамга муктаж. Бул зоопарка темир бастырма жана жаныбарларга ылайыкташтырылган атайын жай курууга 70 миң сом керектелет.

Ошондой эле, экзотикалык айбанаттарды тамак-аш менен камсыздоо үчүн каражат жетпей жатыптыр. Аталган жайда жандыктардын 40ка жакын түрү жашайт. Алардын көпчүлүгүн адамдар үйүндө багыш үчүн алышып, бирок бага албай калган соң бул жайга таштап кетишкен. Айрымдарын болсо көчөдөн эле таап алышкандыктан, борборго алып келүүгө аргасыз болушкан.