Көчө шыпырган «тазалыкчылардын» айлыгы көтөрүлөт (видео)

1371

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери үчүн жагымдуу жаңылык. Алардын маянасы 40 пайызга көтөрүлдү. Мындан тышкары өз ишин так жана өзгөчө берилүү менен аткаргандарга сый акы катары айлыгына 30 пайыз кошулуп берилет. Буга Бишкек шаардык мэриясынын түзүмдөрүндөгү чыгымдарды кыскартуудан үнөмдөлгөн каражат жушалат.

Тазалыкчылардын маянасын көтөрүүгө кошумча 16 миллон сом керектелет экен. Белгилей кетсек, акыркы жолу жумушчулардын айлыгы 3 жыл мурда көтөрүлгөн. Ошондон бери кызматкерлердин орточо айлыгы 12,5 миң сомду түзүп келген.