277

Бишкек-Нарын-Торугат жолунда эки оор жүк ташуучу унаа кагышты


Кечээ Бишкек-Нарын-Торугат жолунун 59чу чакырымында эки оор жүк ташуучу унаа кагышты. Башкы жолдо келе жаткан унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, алдыда келе жаткан машинаны сүзүп барып даракка урунган. Айдоочунун жанында кичинекей баласы бар эле. Бактыга жараша ал жабыркаган эмес. Бирок катуу коркуп калганы айтылууда. Айдоочунун буту машинага кыпчылып калып, узак убакытка чейин чыга албай турду. Бир аз убакыттан соң, аны тез жардам унаасы келип алып кетти. Окуянын күбөлөрү бул кырсыкка чоң жолдо келе жаткан унаа күнөөлүү болушу мүмкүн экенин айтышууда. Айыптуу иликтөөнүн натыйжасында аныкталат.