200

Бишкек-Ош жолундагы автокырсык үч адамдын өмүрүн алды

авария
Түндө саат бирлер чамасында Бишкек-Ош жолунда автокырсык үч адамдын өмүрүн алды. Жалал-Абад областынын Ноокен районунун Достук айылынын тушунда бензин ташып бараткан унаа менен жеңил машина кагылышкан. Авариянын кесепетинен, Хонда үлгүсүндөгү автоунаадагы үч жүргүнчү мүрт кеткен. Төрт адам Шамалды-Сай шаарчасынын ооруканасына жеткирилген. Эки кишиге амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

Бензовоздун айдоочусу жабыркаган эмес. Анын унаасынан күйүүчү май аккандыктан, кооптуу абал түзүлүп кырсык болгон аймак курчоого алынган. Жол кырсыгына ким күнөөлүү экендиги азырынча кабарлана элек. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Каза болгондор жана жаракат алгандардын баары Лейлек районунун Тогуз-Булак айылынын тургундары.