Жогорку соттун төрайымын жоопкерчиликке тартууга жол ачылды (видео)

1482

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга жол ачылды. Тартип комиссиясы буга макулдугун берип, аны кызматтан убактылуу четтетуу сунушу президентке жөнөтүлдү. УКМК жергиликтүү сот долбоорун ишке ашырууда коррупциялык схема аныкталганын, мунун айынан өлкөгө 1 миллион 200 миңдей сом зыян келтирилгенин маалымдады.

Атайын кызмат бул ишке Гүлбара Калиеванын тиешеси бар деп эсептейт. Бул иш боюнча өлкөнүн башкы судьясы кол тийбестигине таянып, декабрдан бери суракка барбай жүргөн.