Мыйзамсыз баюуга шектелген аткаминерлер камалабы? (видео)

2268

Мыйзамсыз баюуга шектелген аткаминерлердин саны күн санап кобоё баштады. Акыркы бир ай аралыгында эле төртүнчү иш атайын реестрге катталды. УКМКнын маалыматына ылайык, Жол чарба департаментинин директору мамлекеттик жогорку кызматта турганда жылдык кирешесине дал келбеген дүнүйө-мүлктү жыйып коюп, бирок аны расмий декларациясында көрсөткөн эмес.

Эбегейсиз мүлктүн тизмеси да бир кыйла узун. Хан сарайлардан, кымбат унаалардан тышкары борбордун өзүндө эле 20 батири бар экен. Ал арада шектелген аткаминер 10 айдан бери жумушка келбей жатканы да белгилүү болду. Айрым аткаминерлер эбейгейсиз байлыгын кайдан тапкан?